Рамис Рыскулов: Күнү кечке көчө кезем Ыр издеп. Көчө ритм көңүлүмдү көтөрөт.

Рамис Рыскулов … Генийлер алкаштардан сабак алат. Ошон үчүн турмуш жыттуу чыгармалары. Чегирткедей чекилдейт. Кандай күндү алар баштан кечирбейт… Бул Рамис Рыскуловдун “Генийлер” деген поэмасынан үзүндү. Рамис агайды калемдештери “Ыр аке” деп коюшат. Айткандай эле турган турпаты, сүйлөгөнү, басканы – кудум эле өзүнүн ырындай. Жашоосу да ыр, сүйлөгөнү, ойлогону да ыр. Ыракеге дарак да, көчө да, адамдар да ыр болуп көрүнүшөт. Ал турмак сүйлөшүп аткан адамын да ырларындай кабылдап, ырларына жасаган мамилени жасайт. Ырына бир калп кошо албаган сыяктуу жашоодо да жасалмасыз, төгүлүп – чачылып жүрөт. Ырларынын саптарына окшоп, Ыраке толугу менен…..