Мирзохалим Каримов: Бакма бала

Бакма бала Быйыл он экиге кадам койгон кыялкеч бала түшкө жуук мектептен чыгар замат күндө мына ушул шагыл төшөлгөн түз жол менен түптүз үйгө келет. Кээ бир бейдаба балдарга окшоп оюнкарактык кылып, көчө-көйдө кечке чейин тентип жүргөндү билбейт. Мүнөзү түнт болгону үчүнбү, айтор, башка балдар негедир ага анча жакындашпайт. Класста мугалим жок болуп калган убакта балдар бири-бирин кубалап, мектепти баштарына көтөрчүдөй айкырып-кыйкырышса бу бала кудум мык менен кагып койгондой партасынан жылбай тек турат. Дагы бир таң кала турган жери – чоң адамдан бешбетер терезеге телмирип, негедир ойлоно берет. Ал нени толугу менен…..