№5 китепканада акын Р.Карагулованы эскерүү кечеси болду

КР Улуттук жазуучулар союзу менен К.Тыныстанов атындагы №5 китепкананын эмгек жамааты акын Р.Карагулованын 75 жылдыгына карата эскерүү кечесин өткөрдү. Жолугушууга төрага Н.Калыбеков, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков, А.Эгембердиева, Ч.Унурова, К.Зарлыкова, Д.Юсупов, З.Жамангулова ж.б. акын жазуучулар, китепкананын окурмандары катышты. Кеченин катышуучуларына Р.Карагулова тууралуу документалдык тасма көрсөтүлүп, И.Арабаев атындагы КМУнун, Эл аралык Кувейт университетинин, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери акындын ырларынан окуп, калемдештери эскерип, жолугушуу жогорку деңгээлде өттү.

Роза Карагулова: Алыс калган ошол бейкут күндөрдөн, Бардык таңдын керемети төрөлгөн

***** Кайдасың көп болду көрбөдүм, Жолдогу кайыңдай көлөкөм. Эстечи бир жолку кездешүү, О аны унута көрбө сен… Эриксиз маңдайым сыладың Кусалык дирилдеп үнүңдөн… Бакыттан селт этип жаш денем Колуңду кагып да жибергем. Билбеген мынча өксүү каларын Жүзүмдөн өбө албас сүйүүмдөн. Ал кезде сен ысык от элең Кармоого эч мүмкүн болбогон. Көрүнбөй жолуңду акмалап Күндө бир көрүүнү ойлогом. Күлкүңдөй ооруга чалдыгып, Жашоомду жайпаган калтырак. Ал кезде сезимтал болчусуң, Сөзүң да күлкүңдөй жаркырап. Бактымдын өз өңүн көрмөкмүн Жазында жамгырдай төгүлсөм. А бирок элесим жетпеген Кудайдай бийликтүү элең сен. Бакыттан селт этип жаш толугу менен…..