Пётр Чаадаев: Кулчулук намысын ойготпогон калк – Кудай урган калк

Пётр Чаадаев 1794-жылы 27-майда (7-июнь) Москвада дворяндык үй-бүлөдө туулуп, 1856-жылдын 14-(26) апрелинде Москвада каза болгон. Орус турмушунун чындыгын катуу сындаган чыгармалары үчүн бийлик тарабынан жинди аталып, Россия империясында чыгармаларын басып чыгарууга тыюу салынган орус философу (өзү айтмакчы “христиан философу”) жана публицисти. 1807–1811-жылдары Москва университетинде окуган. Декабристтерди колдогону үчүн сүргүнгө айдалган. 1812-жылы Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн св. Анна жана пруссиялык Кульмск крести менен сыйланган. 1829–1831-жылдары өзүнүн атактуу “Философиялык катар” сериясын чыгарган. Жиндинин актануусунан Ата Мекенди сүйүү – ажайып керемет парз. Чындыкты сүйүү – андан да керемет. Ата Мекенди сүйүү толугу менен…..