Садык Алахан: Акындан айрылуу

Акындан айрылуу (Эссе) Адам турмушунун күзгүсү болгон адабияттын алмустактан бери келаткан жолунда ага адал кызмат өтөп, анын аруулугун андан бетер арттырган ашкере пакиза өкүлдөрү ар убакта боло келиптир. Адабий ишмердиги менен адамдык насили бөтөнчө бир шайкеш келген андай инсандар, адабий турмуштан айкын болуп жүргөндөй, тилекке каршы, анча деле арбын болбойт экен. Төл адабиятыбызда аруулуктун мындай айныксыз белгиси болуп, өзүмдүн жеке ишенимимде, алгачкы муундун өкүлдөрүнүн арасынан айтылуу Мукай Элебаев эсептелсе, адабиятыбызга алтымышынчы жылдары келишкен муундун ичинен Жолон Мамытовдун адамдык асыл сапаты өзгөчө бир сезимди пайда кылат. Ырасында эле акын мага мейли толугу менен…..