Абдилаат Дооров: Акыр не жооп түшөр болду экен, айды бүктөп сунган катыма?

***** Көргүң келбей менден ийгилик, Турасың өйдөлөп, ирип. Ушунун өзү-пендечилик.   ***** Ыңкыган сары талаа, ызылдаган саратан. … Сага жөө баратам.   ***** Сен экөөбүз түшкөн сүрөт, Төрдүн төбөсүндө. Он жети, жыйырманын белесинде.   ***** О, ак жана гүл жигит, Түшүңө үрдөй кыз кирип, Жатасың жайылып күлүп.   ***** Арпа пиво ичким келди раса, Көксөөмдү кандырайын, Көкүрөктү жандырайын.   ***** Атып салды мени карегиң. Эч ким ара туралбады, Селт этти гүл тулаңдагы.   ***** Аян келди алыстагы өзүңдөн, Ак жүзүңө кадалабы карегим, Сөөгүнөн ачылабы данегим.   ***** – Жибек курттай толугу менен…..