Европага саякат

Париж – Ай менен Күндүн ширелүүсү Биз Германиядан Франциянын аймагына өткөндө жапжашыл дуб, карагай, кайың өрдөгөн чар-тараптуу чөлкөм гүлгө оронгон кичинекей шаарчаны элестеткен күмбөздөрдү артка калтырып, эч кимдикине окшобогон (немец, бельгиялык ж.б.) архитектуралык ансамблдеги шаңдуу калаага алып кирди. Мына, Франция! Ишенгиң келбейт. Кайсыл тарабын караба, көздүн жоосун алган сулуулук. Америкалык улуу жазуучу Эрнест Хемингуэй: “Париж – бул дайыма сени менен кошо болчу майрам” – деп айтканы төгүн эместей. Бир күн мурда 14-июлда Франция мамлекетинин көз карандысыздыгынын күнү белгиленген экен. Түркүн түс гүлдөрдүн парадында шаңга бөлөнгөн Париждин абасы ачык, асманы көкмөк. толугу менен…..