Магжан Жумабаев: Эмне кылса ал ажалдын өз эрки, Кубат берет мага сулуу нур көркү

Пайгамбар Устремляя наши очи, на бледнеюший Восток. Дети скорби, дети ночи, Ждем, не придет ли наш Пророк. Мережковский   Күн батышты караңгылык каптаган, Күнү батса, кайра таңы атпаган. Түнөрүп тур, түндөн туулган перилер, Өз Теңирин таманына таптаган.   Күн батышты караңгылык каптаган, Бир да жылдыз асманында жанбаган. Түн баласы өз Теңирин өлтүрүп, Табынганга башка Теңир таппаган.   Күн батышты караңгылык каптаган, Бир дагы жан түндө тынчып жатпаган. Билген эмес «ыйман» деген нерсени, «Курсак» деген сөздү гана жаттаган.   Түн баласы… Түн жолуна түшкөн ал, Сакоосуң деп Муса тилин кескен ал… толугу менен…..