Айдарбек Сарманбетов: Намыс

– Тур, өйдө. Кармашка камынгын.- деген үндөн Аскар көзүн ачса, кечээ кечинде Василий, Вася дей берсең болот деген чекирейген көк көз, кирпик кашына чейин сары орус сержант экен. Ак, калың бинт ала келиптир, аны менен тактадан баш көтөрүп, олтура кеткен Аскардын манжаларын бирден, анан баарын бириктирип эреже менен кылдат ороп жатып тиги: – Мурда ушинтип ороп, мушташтың беле? – деп сурады. – Ооба…- Аскар ага калп айтып койду. Анан кантмек, кечээ эле биринчи разрядмын деп жатса. Анысы да калп болчу. Болгону, айылдагы балдар менен машыкканда, анан Бишкектеги “Эмгек резерви” спорт толугу менен…..