Пабло Неруда: Кана эмесе, мени бир өз жайыма койгулачы, Кана эмесе, менсиз бир жайыңарча болгулачы

Пабло Неруда (Чили)   Жан тынчтыгын бергилечи Кана эмесе, мени бир өз жайыма койгулачы, Кана эмесе, менсиз бир жайыңарча болгулачы.   Көздү жумдум. Болгону – беш тамырым болсо деймин, өсүүгө бутак байлап, сабак байлап. Биринчиден, чексиз сүйүү.   Анан да карап турсам күз шаанисин. Жалбырактар үзүлүп, чыккан жерге кайрылып учуп түшүп турбаса жашай албайм.   Дагы мага кыш керек, жаным сүйгөн жаан керек, үшүгөндө керек мага от мээрими Мага анан дарбызга окшош топтоголок жай керек, абдан керек.   Баарынан да сенин көзүң мага керек. Менин сүйгөн Матильдам, көздөрүңдү бир көрбөй толугу менен…..