Мукай Элебаев: Бороондуу күнү

Мукай Элебаев (1902-1944) Бороондуу күнү Кай жылы экени жадымда1 жок, январь айынын бир суук күнү жолдо келе жатып, кеч кирип бара жаткан кезде, бир үтүрөйгөн боз үйгө бурулдум. Бул бир кашаттан түшө бериштеги сарайчынын жанындагы жалгыз үй болчу. Күнү бою жөө басып, чарчап, анын үстүнө алдымдан утур кардуу бороон болуп кетип, эми мындан ары жүрө турган чама жок эле. Үйдүн эки-үч эркеги бар экен. Мен барганда мурунтан айтып отурган аңгемелери бөлүнгөн да жок. Жанындагы кишиге аркасын ыктай, отту карай демитип, этеги жамаачыланган көк мата2 көйнөгү бар, оттун табына бөрткөн3 кызыл толугу менен…..