Эсентур Кылычев: Мен барам Кызыл атка камчы шыбап, Тоолордо, кыпкызыл аскаларда.

* * * Көпкөк көлдөн терең, Талаалардан деңиздей мелмилдеген, Жерлерден мен көрбөгөн, мен билбеген, Сулуулардын көздөрүнөн, Алтын күздөн, Дайралардан таш агызып күргүштөгөн, Карылардын насыят сөздөрүнөн… Шамдардай бой керишкен кайыңдардан, Балпайта жаап салган калың кардан, Кыздардын күлкүсүнөн, Алтындай адамдардан айылдагы… …таап алдым ырларды ушул.   * * * Булуттар деңиздеги кемелердей, Бийикте удургушуп көчүп жүрөт. Ойноок шамал аймалап бети-колду, Кыздардын көйнөктөрүн дирилдетет. Кайыңдар, жүздөрү аппак ак кайыңдар, Кызганып сүйүүлөрүн жоготчудай, Боз улан, сен арыраак кетчи дешет.   Мен жүрөм махабат жоготуп, Бийиктен булутча көрө албайм. Шамалча өбө албайм, өбө  албайм. Кайыңча толугу менен…..