Дүйсенәлі Әлімақын: Сени ойлоого эрктүү жүрөк менде бар, Мени ойлоочу жүрөк кимде жүр экен?

***** Коштошуп кетип барат ал, Жүрөгү көктөм, жаны кыш. Аны алып кетти кара жол, Мени алып кетти сагыныч.   Сөзүмө менин бүлүнүп, Санааркап дагы жүдөгөн, Аны алып кетти бир үмүт, Мени алып кетти бир өлөң.   Сагыныч катым саргайды, Жан барбы ырым укканга? Сырымды айттым ал жайлуу Кеч күздө кайткан куштарга.   Өрттөдү муңу өрттөдү, Бардыгын таштап ал сулуу. Мени алып кетти эртеңим Аны алып кетти тагдыры.   Парадокс Шаттыгыңды күлүп турган Күн деймин, Жок күнүңдү жылдызы өлгөн Түн деймин. Сени аярга мен бар экем жалганда Мени аярга ким бар толугу менен…..