Нурийла Анарбаева: Тартсам дагы мен тартайын эзели, Азабын сен тарта көрбө кусанын

Чай демдеймин ырлардан Жамбаштап жатам жайлоо шиберинде, Жакшы сап тапсам деген тилегимде. Өрүлүп кыз чачындай тоодон түшкөн, Бото көз булак ырдайт өз тилинде.   Көп гүлдөр жашыл жайдан төрөлүшкөн, Ааламга атыр жытын жөнөтүшкөн. Ийкемдүү ыргалышат желге бийлеп, Сулуулук, аруулукка бөлөнүшкөн.   Көк тоолор булуттарды өңөрүшкөн, Түн кирсе жылдыздарды көтөрүшкөн. Бекемдик, токтоолук бар бойлорунда, Бир-бирин кучакташып жөлөнүшкөн.   Ааламда бир Ай, Күн бар көк тирешкен, Жөнөтөт нурун бизге ширелишкен. Нур кошуп жан дүйнөмө кубат алам, Жакшы ырдан чайга кошуп демдеп ичсем.   Куй шараптан Мен түшүмдө сени көрүп кусамын. Тартсам дагы толугу менен…..