Нурлан Абдрахманов: Сынак

Сынак (Бир актылуу моно пьеса) Каарман – Жаркынбек. Акын, гезитте кабарчы. 30 жашта. (Түн. Жаркынбек кирет. Көздөрү киртийип, кебетеси жүдөңкү. Чарчаган. Асынган сумкасынын четтери сыйрылып кубарып калган. Тепкичтен көтөрүлүп, чөнтөгүн аңтарып таппай, сумкасынан ачкычын алып чыкты. Эшикти ачып бир бөлмөлүү батирине кирди. Светти жандырды. Айланасын сыдыра карады. Китеп салгыч. Анда тизилген китептер. Кагаз, барак, блокноттор. Вазада гүл. Рамкага салынган сүрөт. Шыбы жапыз, кууш, узун бөлмөгө лампанын күчү жетпей күңүрт. Дубалдагы эски сааттын чыкылдаганы угулат. А болбосо жымжырттык. Жаркынбек сумкасын жерге таштап керебетке жата кетти. Керебетинде тынч жата албай ары бир, толугу менен…..