Динара Асакеева: Авторитардуу коом, экзистенциялык кейипкер жана муздак дубалдар…

Авторитардуу коом, экзистенциялык кейипкер жана муздак дубалдар… (К.Жусубалиевдин романына пикир) Азыркы мезгилде соцреализмдин шартында өнүккөн ХХ кылымдагы улут адабиятыбыздын өтүмүш дооруна – ал мезгилдеги  тарыхый шартка, адабий процесстин оош-кыйыштуу, карама-каршылыктуу өнүккөн татаал диалектикалуу табиятына – динамикалык процесстин тенденциялуу кылдат көрүнүш, нюанстарына чейин кайрылып, кайра баштан аңдап көрсөк; ал учурда жалпы советтик адабияттын контекстинде жашап турган улуттук адабиятыбыз коммунисттик партиянын авторитардуу бийлиги жараткан советтик идеологиянын таасиринен көпкө чейин бошоно албай келген, бирок, «алтымышынчылар» катары таанылган акын-жазуучулардын өзүнчө бир мууну бийликтин системасы канчалык катуу болсо да,  тоталитардык система талап кылган ар кыл толугу менен…..