Мусакун Сатыбалдиев: Тартылбай калган сүрөт

Тартылбай калган сүрөт Новелла Жашыл бакка оронгон жашыл шаар. Негедир мага бардык нерсе жашыл сыяктанат. Балким, дүйнөнүн өзү жашылдыр… Балдактарымды тык-тык таштап, кымбат адамымдын жанында барам. Кыялымда көбүрүп-жабырып, бизди элес албай өтүп жатышкан адамдарды токтотуп алып, аларга жүрөк толкуткан кубанчым, бактым, махабатым жөнүндө айтып берип, аларды таң калтырып, «силердин араңарда менден ашкан бактылууңар барбы?» деп жар сала кыйкыргым келет. Эгерде ушул жашыл дарактуу аллея узарып отуруп чексиздикке созулуп кетсе, оо, анда мен эч ойлонбостон кете бермекмин. Чаалыгып, алсырап калсам да кете берет элем. Анткени жанымда – Нургүл. Буттарым талып, ооруганына толугу менен…..