Казат Акматов: Мунабия

Мунабия Кенебестигиң үчүн, жакын адамыңа кылган көңүл коштугуң үчүн турмуштун кээде сени жазалап коймою болот. Ошондо сен жаакка бирди жеген адамча көзүң умачтай ачылып, ордуңдан атып туруп, аттиңай, эсиңден чыгарып койгон, бирок баары бир сени келээрсиң деп күтүп турган түйшүктөрдү көздөй жан далбастап жөнөйсүң. Азыр мен дал ошондой ахвалда бараттым. Көңүлүм ордунда болбогон соң, приёмникти өчүрүп, айнектердин баарысын туюк жаап таштагам. Руль кармаган колум тердеген сайын өзүмдөн өзүм жийиркенип, деле бүткүл дене боюм менен бир ылай сууга малынып алгансыйм. Адам деген бир капа болуп алса, жазылмагы кандай. Бүт жол бою толугу менен…..