Темирбек Жолдубаев: Куучу (Мистикалык аңгеме)

Куучу (Мистикалык аңгеме) Эшбото аксакал айыл четиндеги сай жээгинде, өзүнчө бөлүнүп турган дөбөчөдө олтурду. Жалгыз. Жанында эч ким жок. Айыл дегенибиз он чакты агарган, бозоргон боз үйлөр… Андан бирин-экин киши кирип-чыгышып адамдар бар экенин айгинелеп тургансыйт. Теребел толукшуп, гүлдөрдүн атыр жыты аңкыган, көк толугу менен бышкан жаздын эң сонун мезгили. Айыл туурасы эки бута атымдай жазы, ортосунан коктуну жара бөлүп аккан эки кулактай кашка суусунун учу-кыйры жок көрүнбөгөн эңдүү сайдын жээгинде. Ал ошол сайдын жээгиндеги дөбөчөдө, апакай кылып ашатылган жумшак териден камчыга тасманы ылайыктап ичке тилип олтурду. Карыса да сөөктүү, толугу менен…..

Күмөндөр Усуптегин: Боло берет ынкылап!!! (Мистикалык драма)

Күмөндөр Усуптегин Боло берет ынкылап!!! (Мистикалык драма)   Катышуучулар: Чоң Ата менен небере Ортоңку бийлик эгеси (ОБЭ) Төмөнкү бийлик эгелери (ТБЭ) Момункарып, аялы Күңөтай Ботомбек, аялы Сардал Зулумбек, Айлакер, эки жүздүүлөр Сырткары коомчулук   Биринчи көрүнүш           Өнөр секиде тоолуу өрөөндүн жана бир ыптада шаардын сүрөттөрү. Кандайдыр муңдуу ыргактын добуштары алыстан угулуп келип жакындайт, кайра алыстай баштайт. Тоолуу өрөөн тараптан алтымыш жаш курактагы адам чыга келет. Ал өрөөндүн тээ түпкүрүнөн угулган муңдуу ыргактарга кулак төшөп калат. Ар кандай аспаптардан жаңырган ыргактардын арасынан “Көкөй кести”, “Кыргыз көчү” күүлөрүнүн кайрыктары угулуп, кайра толугу менен…..