Э.Эрматов: Кыз жатат Күнгө кактап денесин, оо! Эшилет кум жээкте. Деңиз туйлайт

* * * Турмушума кирдиң дагы шаардай, тынчымды алып түн уйкудан кетирдиң. Эшигимди ачып ийдиң шамалдай, тос-тополоң, астын-үстүн ичи үйдүн.   Ушул кечте күттүм, чырак өчпөдү. Кошунанын бөлмөсүндө музыка… Катып алып бербей койду түн сени, айланды да мен өтө албас сызыкка.   Күндө сени алып келген трамвай сен себинген атыр жытка мас болуп, Барат ана, күнөөкөрдөй араң, жай… бөлмө менин жүрөгүмдөй бош болуп.   * * * Сени менен жолугушуп капыстан, дирилдетип сезимимди өрттөдүм. Кызыл таңды, шүүдүрүмдө калып калган издерди, жана дагы кеч киргенде сенин кызыл жоолугуңдай удургушуп күйүп кеткен толугу менен…..