Акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды

Акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды Кыргыз адабияты жана маданияты оор жоготууга учурады… Улутту ар-намысына келтирген, духун көтөргөн атуулдук ырларды, жашоо-турмушта аралашып жүрүп эле көп адамдар байкабаган көрүнүштөрдү, окуяларды, ой-толгоолорду ыр саптарына айланткан, жандуу жаратылышка, аялзатына, айлана-чөйрөгө болгон сүйүүнүн күчүн даңазалаган лирикалык ырларды жазган, өтө жөнөкөй, ичине сыр жашырбаган ак көңүл, кыргыз элине таанымал болгон журналист, кыргызга чындап күйгөн патриот акын Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнө салды. Чыгаан жана патриот акын, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2001-жылдарда уюштурулган Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын (мурдагы чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” коомдук толугу менен…..

Зайырбек Ажыматов: Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден, Жүзү жарык Зайырбекти таба албай

Кыргыз болгум келет Ушул күнү негедир кайыкты дил, Урпактар э-эй, биздеги айыпты бил. Кыргызмын деп мен азыр турган менен, Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.   Кадыр, каадаң бул күндө кайда калган, Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган. Манас биздин бабабыз деген уят, Майдаланган калк үчүн, майдаланган.   Биз бир кезде тоолордой бийик элек, Биз бир кезде майда эмес, ирик элек. Жакшылыктар башталып биздин элден, Жаратканга жардамчы билик элек.   Арамдыкты сындырып түзөчүбүз, Адалдыкты, актыкты күсөчүбүз. Сактап турган теңдикти бардык жерде, Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.   Калбаганбы уруктук кайрандардан, Карайлаймын нускасын тангандардан. толугу менен…..