Аман Нааматов: Жаңы короз

Жаңы короз –Түү-тү! Тү-тү-тү-тү! Ата жем бергени тоокторун чакырып жатты. Тооктор короонун аягында алма бактын ичинде жайылып жүрүшкөн эле. Эң алды болуп балтактап чоң кызыл короз чуркап келди. Өмүрүндө жем көрбөгөн эмедей жерге чачылган жүгөрүнү аябагандай ач көздүк менен шакылдата чокуп жеп жатты. Бул сугалактыгы менен мекияндары келгичекти чачылган жемдин бирин калтырбай терип койчудай. Атамдын ачуусу келип маңдайындагы корозду колунда кармап турган чөйчөгү менен бир койду. ‒Түт! Өлүп кет, өлүп кеткир! Мекияндарын күтпөй сукулдап!.. Кызыл короз жонуна тарс бир тийген чөйчөктөн чочуп какылыктап уча качты да, анан кайра эле тооктордун толугу менен…..