Шалом Алейхем: Маки

Шалом Алейхем (02.03.1859–13.05.1916) Классик еврей жазуучусу. ЮНЕСКО тарабынан М.Твен, А.П.Чехов жана Б.Шоу сыяктуу дүйнөлүк адабияттагы улуу юморист-жазуучулардын бири катары таанылган. Шалом Алейхем – идиш тилинде «Силерге тынччылык!», орусча «Саламатсыңарбы!» дегенди түшүндүргөн псевдоним. Шалом Алейхемдин чыгармалары дүйнө жүзүндөгү ондогон тилдерге которулган. Кыргыз тилине анын бир нече аңгемесин 1968-жылы жазуучу, котормочу Касымбек Эшмамбетов которгон. МАКИ (Балдар үчүн)  «Уурдаба». Жетинчи осуят Балдар, угуп турсаңар, мен силерге азыр маки жөнүндө, болгондо да ойдон чыгарылган эмес, чынында эле менин башымдан өткөн окуяны айтып берем. Балалык кыялымда ак эткенден так этип, бассам-турсам такыр эси-көөнүмдөн кетпей, «өзүмдүн маким болсочу» дегенден башка толугу менен…..