Ли Бо: Чөктү недир көңүлүм, Жүрөгүмдө – кусалык

Москвада, орус тилинде “Детская литература” басмасынан 1987-жылы Ли Бо и Ду Фу “Избранная лирика” деген аталышта жарык көргөн китептен Ли Бо  I Табият жөнүндө ырлар   Лушань тоолорунда Түштүк-чыгышка Беш карыя чокусуна карап турганым Турам карап чокусун Беш карыя, Лушанга, түштүк-чыгыш жагына.   Ал асманга көтөрүлө бой керип, Алтын гүлдөй жаркырайт нур чагыла.   Анда болсом, айлана бүт көрүнмөк, Көз кубантып, олтургандай тагыма.   Арман болбос, ошол жерде мен жашап, Анан өлсөм, тагдырыма багына.   Тоонун чокусундагы храм Мен тоонун чокусунда Түнөймүн ээн храмга.   Жетчүдөй созсом колум, Жылтылдак жылдыздарга.   толугу менен…..