Абдыжалил Бетегеев: Күйгөнү турат чокулар, Кырына кызыл чок конуп

********* … Тытылып бантиктей кубарган, Ийри жол… коктуга салаңдап. Коңуздай, калдаңдайт, жөрмөлөк, Дейдиген, жол таппай алаңдап.   Айлана маңыроо. Ай көктө.., Ай сымак, күмбөзгө коюлган. Түнөрөт түн койну, көргө окшоп, төбөсү оюлган.   Коңулдан үн чыкты, капыстан.., Тынч турган тынччылык урады. Селт этип ай чоочуп, Жылаңач, аскага кулады.   Жалп өчтү ындыны дүйнөнүн, Жашоо да жүрөктөй токтоду. Тирилик кайнаган серт турмуш, Тытылган бантикке окшоду.   Күзгү аңыздар Аңылдайт азгын аңыздар, Боз чаңгыл чаңга бөлөнүп. Түк баскан өңү таанылбай, Арыктар жансыз чала өлүк.   Коңур жыт каңшаар өрдөбөй, Үргүлөйт үйүр убакыт. толугу менен…..