Айнагүл Базарбаева: “Ырды булуттун үстүндө олтуруп жазгым келет…”

Жан толгоо Акын жана журналист Айнагүл Базарбаева: “Ырды булуттун үстүндө олтуруп жазгым келет…” – Айнагүл, кыргыз поэзиясына 90-жылдардан кийин келген жаңы толкундун агымында сен да бар элең. Бирде көрүнүп, бирде көрүнбөгөн Саманчынын жолундай болуп кайда жүрөсүң? – Балким, адабият айдыңында көрүнүп-көрүнбөй жүрүшүм мүмкүн. Бирок, өз казанымда өзүм кайнап эле келатам. Бир кездери мамлекеттик кызматтарга да аралашып кеткенимди жашыра албайм. Саясат биз үчүн эмес экен. Ыр жазгандардын, дегеле чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү эркин болуусу керектигин өзүң жакшы түшүнөсүң да. Ойлоп көрсөм, бизге окшогондорго гезитте, болгондо да же адабий же маданий гезитте толугу менен…..