Сардарбек Рыскулов: Кулактын азабы

Кулактын азабы 1930-жылдын жазы. Кочкор өрөөнүндө колхоздоштуруу башталды. Буга чейин колхоз деген чыгат экен, бардык элди бир жерге чогуу кыштакташтырып бай-жардысына карабай колдо бар мыдырын бүт алат экен, деген сөздөр мындан бир жыл мурун эле эл арасына тарап имиш-имиш, дуу-дуу болуп кеткен. Башта мындайды кулагы угуп, көзү көрбөгөн эл далайга чейин бушайман болуп жүрүштү. Бирин-экин малдан, арпа-чүрпө айдап, чөп-чар чогултуп алып жүргөн шалбааларыбыздан ажырасак алда кандай күн болуп кетер экен деп, эртели-кеч баш кошо калганда кобурашып калышчу. Акыры ошол күн да жетип келди. Көпчүлүк менен көргөн той эмеспи, кыйшаңдоого чамасы толугу менен…..