Кыял Тажиева: Акын жүрөктөрдүн өртү менен Өкмөт идеологиясын ишке ашырууга мезгил келип жетти

Соңку учурдагы эки чыгаан таланттын удаа дүйнө салып узап кетишинен улам коомчулукта, айрыкча адабият ишмерлеринин арасында кызуу талкуу орун алды. “Таланттарды өз учурунда кандай баалай алдык, баркына жете алдыкпы?”, “Алар кандай жашап өттү” ж.б. ушул темалардын тегерегиндеги талкуу кызып отуруп чыгармачыл инсандарды мамлекет камкордукка алыш керекпи, албаш керекпи деген ойлор жаралды. Айрымдары камкордукка алуунун кажети жок десе, бир даары Өкмөт ушундай кырдаалдан, учурдан пайдаланып улуттук идеологияны ишке ашырыш керек деген пикирин билдирди. Чынында мындай талаштуу пикирлерге ким кандай баа берет, чындап эле Өкмөт чыгармачыл инсандарды камкордукка алыш керекпи? Бул пикирлерди толугу менен…..