Абдымомун Калбаев: Карышкырлар улуганда

Абдымомун Калбаев, акын-жазуучу. Аталган чыгармам Азербайжан Республикасынын Баку шаарында чыгуучу «Каспий» адабий көркөм  газетасынын 25-26-санына 2020-жылы февраль айында азер тилине которулуп, жарык көрдү. Ошону сиздерге сунуш кылып олтурам. Тарбиялык мааниси бар бул чыгармам Кыргыз радиосунан адабий постановка катары кетип, алтын фондуга алынган. Режиссеру Болот Токоев. Кыргыз драма театрынын артисттери аткарган. Автордон КАРЫШКЫРЛАР   УЛУГАНДА (новелла) Айылдын кут түшкөн карысынын көз жумушу менен ушул айылдан кут кеткенсип аңгырап калгандай болду. Жанболот карыяны акыркы сапарга узатканы келе жаткандардын айрымдары мас, айрымдары текебер болуп кайгырбай, бул чалды кандай көмөт болду экен, канча жылкы соёр толугу менен…..