Жазуучу Ырысбай Абдыраимовдун адабий китеби жарык көрдү

Жазуучу Ырысбай Абдыраимовдун адабий китеби жарык көрдү КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Ырысбай Абдыраимовдун кезектеги адабий-көркөм китеби “Түбөлүктүү чеп” деп аталат. Китепке автордун соңку жылдары жазылып бүткөн жыйырмадан ашык жаңы аңгемелери менен жомоктору киргизилген. Жыйнак өспүрүмдөр жана жаштар үчүн арналганы менен анда ар бир курактагы окурмандарды терең ойлондуруучу тагдырлар менен кездештирип, ата-эненин, Ата-Мекендин кадырына жетүүгө, илим-билимдүүлүккө, тунук, балалык баёо сезимдерге жарака салбоого, арамдык, акмактык жүрүм-турумдар менен дегеле келише албаган адалдык менен актык, тазалыкка үндөйт. Автордун бул китеби Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик басмаканадан басылып чыкты. Буга дейре “Бала кумары”, “Өмүр кымбат” толугу менен…..