Күлүктү сойбогула Айтпаңыз, айтпаңызчы, Мал сойгон мактанычпы?! Төрт буту байланганда, Төбөмдөн асман учту… Чыйрыктым… сүрү беле?! Чыңырды үнү неге? Бир кезде даңканы учкан, Мал эмес… күлүк эле… Шаан-шөкөт, элде ат чабыш… Шамалдай таштап арыш, Алдына ат чыгарбай, Таанылган атагы алыс. Душманы азаар жандын, Бут тосот кадамга арбын… Негедир окшоп кетти, Тагдыры адамдардын. Ич тардык аласасы, Ийилтип таразасы- Асылды жыккан менен, Айтылып калат аты. Атаңдын көрү, турмуш, Кылсачы назар сынгыс… Жаза алат жакшылар да, Жасаган окшоп кылмыш… Баарына тойлогула, Бирок да ойлогула, Тушу өтүп кетсе толугу менен…..