Корней Чуковский: Киркойбос

Корней Чуковский (1882-1969) Киркойбос Жуурканым Менден качты, Ак шейшебим, Асманга учту, А жаздыктар бака сымал, Ыргып-ыргып жоголушту. Кармайын деп, Шамга шаштым, А шам мешке- Кире качты. Китептерди алаарымда, Алар кетти секирип, Керебеттин астына, Барып жатты бекинип.   Чай ичүүгө самоварга, Чала жетип кездештим. Өрт тийгендей семиз неме, Менден кача бербеспи.   Бул кандайча? Эмне болду? Эмнеликтен, Бардыгы тең, Тегеренип, Чимирилип, Дөңгөлөнүп жөнөштү? Үтүк кетти, Өтүктөрдүн соңунан. Өтүк түштү, Нан-токочтун жолуна. Чөмүч кетти, Илгичимдин артынан, Ошолордун дартынан- Баары болду баш-ылдый, Чимирилип, Тегеренип, Баары ободо калкыган.   Аңгычакты зор Бетжуугуч, Энем жаткан толугу менен…..