Аида Эгембердиева: Айдарбек Сарманбетовдун “Капсалаң доор. Карга аке” романындагы образдар системасы

Доор – жазуучу, адабий каарман – окурман Айдарбек Сарманбетовдун “Капсалаң доор. Карга аке” романындагы образдар системасы “Аке” сөзү кыргыз лексикасында ар түрдүүчө мааниге ээ. Казак тилиндеги сыяктуу “ата” маанисинде, келиндери кайын журтундагы улуу кишилерге кайрылган сөз иретинде, же болбосо  түштүк диалектисинде “ага” маанисинде колдонулат. Ал эми Ысык-Көл говорунда ал сөз саналуу даанышман, олуя инсандарга карата өзгөчө урмат менен колдонулат. Алар: Карга аке (1718-1828), Мойт аке (1750-1843), Сарт аке (1775-1865), Тилекмат аке (1799-1863), Садыр аке (1821-1905), Карач аке (1837-1914), Кыдыр аке (1843-1926). Бул жети аке өз чөлкөмүндө гана эмес, жалпы кыргызда толугу менен…..