САПТАР КАЛДЫ… ЖАЗЫЛЫП ДА, ЖАЗЫЛБАЙ…

САПТАР КАЛДЫ… ЖАЗЫЛЫП ДА, ЖАЗЫЛБАЙ… Оо, суук ойлор! Чаң-тополоң, дүрбөлөң Салбагыла силкип мээмди, жара жаздап чекемди! Мен силерди чыркыратып куду напалм мисалы Салам өрттөп! Калсын билбей Мекен бу! Оо, суук ойлор! Мээнин терең түпкүрүндө – зынданда чиригиле! Көрбөгүлө жарыкты! Мен баарыңды өзүм менен көрүмө ала кетем… Калсын билбей тарых бу!                                                                 29.12.1982.                                                  Табылды МУКАНОВ         Оо, Табийгат!       Алаарымды алдым, берээримди бере алдым бекен?       Бардыгы башкача башталбады беле? Анан, неге турмушта өкчөгөн чүкөм айкүр түшпөй, аласалып кетти? Канакей, кечээки келечектен көптү үмүттөнткөн көкүрөк толо дымак? Бардыгы… Бардыгы толугу менен…..