Атахан Кожогулов: Бир жакшы аял сүйүп мени, сүйдүрдү, Бир жакшы аял өчүрбөдү шамымы

Кара Кочкор, Кара-Тоо, кара жорго Агылдым мен саргайган санаа жолдо, ак жолуңду жараткан мага жолдо. Кайгырганда кареке келе калат, кара Кочкор, Кара- Тоо, кара жорго!   Анда биздин кенедей кезибиз да, оюн болчу, таңыбыз, кечибиз да. Кара жорго чоңдордун кеп кылганы… катар өскөн топ балдар чурулдашып- кара жорго болчубуз өзүбүз да.   Зайнике ата, жоргосун минип чыкчы, заңкылдаган добушу бийик чыкчы. Оң колуна камчысын бекем кармап, ошондогу ак таңдай күлүп чыкчы.   Жорго салыш жакындап калды деди, жорго таптап саяпкер жанды үрөдү. Жорго туйлап ооздугун чайнап турду, жолдо күйүп тургандай толугу менен…..