М.Абакиров: Таш Коргон. Ак Байбиче. Кара Кемпир

(Икая) Ибрагим Жунусовго арналат. Бул мартабалуу делген чакан бейтапкана калаанын чок ортосунда. Болгондо да сыртынан саябандуу сейил бакты элестеткен чар тарабы темир кашаа менен тосулган, төрт тарабын тең чоң жол кесип өткөн, ошо туш-тарабынын ортолорунда унаалар үчүн чоң дарбазалары, алардын капталдарында жөө-жалаңдар кирип чыккан өткөөлдөрү бар капкалуу өзүнчө бир кичинекей махала. Күндүз кумурсканын уюгундай кирип-чыккандардын аягы үзүлбөйт. Биерде илимий иштерди да жүргүзгөн, доктур болчу студенттерге да дарс окуган, оорулууларды да дарылаган, даңазалуу академиктердин ысымдары ыйгарылган бир нече клиника жайгашкан. Алар бири-биринен оолак турган көп кабат имараттардын өзүнчө бир комплекси. Урбанизацияга толугу менен…..