Зайырбек Ажыматов: Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден, Жүзү жарык Зайырбекти таба албай

Кыргыз болгум келет Ушул күнү негедир кайыкты дил, Урпактар э-эй, биздеги айыпты бил. Кыргызмын деп мен азыр турган менен, Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.   Кадыр, каадаң бул күндө кайда калган, Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган. Манас биздин бабабыз деген уят, Майдаланган калк үчүн, майдаланган.   Биз бир кезде тоолордой бийик элек, Биз бир кезде майда эмес, ирик элек. Жакшылыктар башталып биздин элден, Жаратканга жардамчы билик элек.   Арамдыкты сындырып түзөчүбүз, Адалдыкты, актыкты күсөчүбүз. Сактап турган теңдикти бардык жерде, Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.   Калбаганбы уруктук кайрандардан, Карайлаймын нускасын тангандардан. толугу менен…..