ДАНИЯР ИСАНОВ: Сары чемодан

САРЫ ЧЕМОДАН (Эссе) Обончу, маркум Калмурат Рыскуловго! Жетпеди деп көксөгөн талабына, Жан досум, кейибегин абалыма. (Турар КОЖОМБЕРДИЕВ) Анда мен “өлүм”, “жашоо”, “турмуш” – деген нерсенин өзүн айра тааный албаган аңкоо бала элем. Энемдин кашында эркелеп, өмүрдүн маңызы эмне экенинен кабары жок кезимде, жетилген курак кучагын жая тосуп алды. Алигүнчө көз алдымда. Ошол жылы алгач ирет жансыз адамдын сөөгүн көрүп, денем үрккөнү эч эстен кетпейт. Сексенден өтүп чоң атам акка моюн суна, а дүйнө жайга сапар алды. Элеттен тыш, калаада көп кабаттуу үйдөн чыкпай, бал муздак жеп чоңойгон тагдырымды бир жектедим толугу менен…..