Уолт Уитмен: Мен өзүмдү күкүмдөйдөн таратам, жолдон мага кезиккендин баарына

Америка адабиятынан Уолт Уитмен (1819-1892) Кийин келчү акындарга Кийин келчү акындар! Музыканттар, ырчы жана чечендер! Актай албайт бул, бүгүнкү күн мени, айтып дагы бералбайт ким экеним, Актайт мени түзүлүшү бөтөнчө – өткөндөрдөн кыйла зор, ар мүчөсү келген, нагыз адамдар. Көрүнгүлө! Акташыңар керек силер өзүмдү.   Кийин келчү күндөр үчүн деп арнап, көрсөтмөгө жазып кетем эки-үч сөз, Жылт көрүнөм болгону, караңгыга кириш үчүн кайрадан. Калың топто бара жатып кайрылып, көзү менен бир карап, анан кайра жалт бурулуп кеткен – мен, Анын сырын табууну, так элесин түзүүнү, беремин да силерге, Эң башкысын толугу менен…..