Кайсы арыма күлөмүн Күн кечирсем күздөй болуп түнөргөн, Күлкүм чыгып кайсы арыма күлөм мен. Кайсы арыма күлкүлүү ыр жаратып, Кайсы арыма сулууларды сүйөм мен? Жалгыздыкка моюн сунган аз-аздан, Жалбыракмын шамалдагы адашкан. Жазылыптыр баш тамгам да, чекитим, Жасашкан да… Мени демек жасашкан. Санаам – жалын, жалынга өзүм күйөмүн, Барарга бир багыт таппайт жүрөгүм. Кейигендер “кейибе”,-деп айтышат, Күлкүм келет… Кайсы арыма күлөмүн..? Түшүнбөй таякташар Жашыңдан жабышканда жүрөк оору, Жашоонун маанилүү эмес күнөө, сообу: Жаңырта албаган соң жүрөгүңдүн, Жаштары тамчылаган бирөө тоону. Тамеки тутандырып “санаа” тартам, Таптаттуу кезин эстеп толугу менен…..