Танзиля Зумакулова: Асманда жанган жылдызым, Чөмүлдү дайра четине…

Танзиля Зумакулова, Кабардин-Балкар эл акыны   Тоолуктар Түзүшкөн ырды акындар, Бийиктик ээлеп кумарын. Билбей эле кантип тоолуктар, Тоолордон бийик турарын.   Жүз жылдар артты карасак, Баскан жол түрдүү таралып. Келгенсийт мында тоолуктар, Тоолордон эрте жаралып.   Көз жеткис узак жол басып, Түзүлүп пейил кеңдиги. Алардын турум-турпатын, Тоолордун өзү бердиби?   Канаттуу учуп жете алгыс, Асмандын чексиз кеңдиги. Антсе да, үндөйт бийикке, Тоолуктун күчү, эрдиги.   Себеби мүмкүн мындадыр, Касташса дагы ким менен. Душманын албай капарга, Ак чачтуу башын ийбеген.   Тоолордун жүзүн салаалап, Суулардын жашы өрүлөт. Кайгырса тоолук жаш чыкпайт, толугу менен…..