Жазуучу Качкыналы Сыдыгалиев каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Качкыналы Сыдыгалиев 86 жаш курагында каза болду. Качкыналы Сыдыгалиев Чүй районунун Кара-Ой айылында 1934-жылы 2-февралда туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. 1957-жылы Сузак районундагы Бек-Абад участкалык ооруканасынын башкы врачы, 1960-жылы Чүй райондук ооруканада терапия бөлүмүнүн башчысы, башкы врачтын орун басары, 1966-жылы Ысык-Ата районундагы Ивановка ооруканасынын башкы врачы, 1969–1987-жж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскердик медициналык кызматынын начальниги, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда милдеттүү медициналык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. 1976-жылдан баштап гезит-журналда аңгемелери, толугу менен…..