Жедигер Саалаев: Табышмагын бул жашоонун чечсем деп, Мен ырлардан чыгарамын өчүмдү

Ырларыма Чыккыла, ырларым атылып, Мага окшоп камалбай туюкка! Мага окшоп жаманды жашырып, Буюкпа, буюкпа, буюкпа!   Каякта чындык деп, чындык деп, Сен дагы жаныңды кыйнагын! Турганда турмуштан ыдык жеп, Күлсөм күл, ыйласам ыйлагын!   Жан биргем, жан боорум – ырларым, Жана да дагы бир кайталайм: Жан билбес ыймандай сырларым Жапжалгыз бир сага айталам.   Жан билбес ыймандай сырларым Жаханга сен менен айталам!   Сөз Мен – сенин мекениңмин, коргоп калгын! Мелжеген жерге тийип орноп калгын! Мээримсиз пенделердин жүрөктөрүн Эритип, пейилдерин оңдоп салгын!   Сен менен бечара жан кайрат кылып, Сен толугу менен…..