Зинакан Пасаңованын жаңы чыккан “Томаяк издеген бакыт” прозалык жыйнагына адабий талкууда айтылган ойлор

7-мартта Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу Зинакан Пасаңованын жаңы чыккан “Томаяк издеген бакыт” прозалык жыйнагына адабий талкуу өттү. Талкууга кыргыз адабиятынын жана маданиятынын белгилүү өкүлдөрү, профессионал адабиятчы, сынчылар жана окурмандар активдүү катышышты. Алар З.Пасаңованын чыгармаларына кызуу талдоо жасашып, автордун чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрү, адабияттагы орду жана келечеги жөнүндө ой-пикирлерин билдиришти. Кыргыз Эл акындары: Меңди Мамазаирова,  Шайлообек Дуйшеевдин, Кыргыз эл жазуучулары Асан Жакшылыков, Султан Раев, жана акын Назгүл Осмонованын, сынчы Жолдош Турдубаевдин, жаш окурман Нурболот Азаматовдун талкууда айткан ой-пикирлерин сунуштайбыз. Кыргыз Эл жазуучусу Асан толугу менен…..