Токтош Абыкеев: Көкөтай мерген жана анын эки уулу жөнүндө

Көкөтай мерген жана анын эки уулу жөнүндө Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, кылоосу Кызыл экен, бул жомоктун куйругу узун экен. Ошентип, байыркы өткөн заманда, бир Көкөтай деген бир колу сынык, бир буту аксак мерген жашаптыр. Анын эки аялы болуптур. Ал бир күнү Ак-Тоого барып, ак аркар атат экен. Ок тийген аркар зоодон-зоого тийип, зоодон ташка кулап, өрөөнгө түшкөндө кыйналып жатып аны атына араң артып үйүнө жөнөйт. Келгенде олжосун эшик оозуна таштаган Көкөтай: –Эй, катындар, мен баатырлык кылып, муну атып келдим! Эми мага түгөнбөс азык, жыртылбас чарык даярдагыла! толугу менен…..