Касым Каимов: Анарбайдын көпүрөсү

Анарбайдын көпүрөсү Аңгеме Тоо суусу миң кыялдуу. Аны сүйбөй койбойсуң, махабаттын азабына кайылсың. Кырка тоолордун мээримдүү койнунда мемиреген кең өрөөндүн көркүн ачып, атагын көкөлөтүп, кыял күүсүн козгогон – анын шар суусу менен көк-жашыл токою. Өзөн бойлоп, кыркалекей тартып шуудураган токой кээде тирелишип, жыш, кээде суюлуп, өрөөндүн этегине жетпей түгөнөт. Өзөн болсо сай-сайдан куйган туура суулар менен кубаттанып, тоонун деми жана эпкини сүрөп, өрөөндүн чегинен алыска, чексиз мейкиндикке сапар тартат. Бул өрөөндүн табиятынын дагы бир өзгөчөлүгү: көкүрөк жагы дагы, этек жагы да ачакей, тагыраак айтканда, ал чакан эки өрөөндөн биригишип башталып, толугу менен…..