Улукбек Омокеев: “Ыр жазып жатканда турмушту унута түшөм”

“…Кызыл жүз, тегерет бет, Жамандык көрө элек көп. Сабактан бир күн калса, Ыйлашкан чебелектеп”. Дал ушул “Биринчи курстун кыздары” аттуу ыры аркылуу Улукбек мырзаны тааныгам. Алгач терең ой жүгүрткөн, жашы 40-50нү чамалаган инсан го деп элестеткем. Себеби жазган макалаларын, ырын окуп калаар элем. Көрсө, адамга жан дили менен мамиле кылган бул акыныбыздын ырлары да жан дүйнөсүндөй таза, өзү болсо араң гана 30га чамалап калган адабият үчүн, эл-жер үчүн күйгөн инсан экен. Чындыгында эле коомго кайдыгер карабай, ар убак эмгектенген, терең ойлуу. Жакында “Ата-сүйүү” аттуу жыйнагы чыгып, ага утурлай Э.Эрматов атындагы толугу менен…..