Габриела Мистраль: Сен сактансаң сактанарсың башкадан, Сактанууга мүмкүн эмес сүйүүдөн

Габриела Мистраль (Чили) Тропикалык күнгө гимн О күнү инктер менен маялардын1, жемиши Американын бышып турган. Кечуа, майя сени жандай көрүп денеңе жанып турган баш урунган; терисин эзелки, эски аймаранын боёдуң кызыл алоо боруң менен; кыпкызыл кыргоол болуп келериңде, кетерде ак канаттуу бостек денең; ар кандай келиштирип сүрөт тарткан сен чебер сүрөтчүсүң жандан арткан; тек жайың – жолборс менен адамдардан; Сен – күнү тоо, түздөрдүн, кумдуу чөлдүн, сен – күнү дарыянын, ой-талаанын; Артыңдан барасың сен бизди ээрчитип, жана да бизди ээрчийсиң артыбыздан; боору бир мендеги ыйык туугандарга, желексиң желбиреген жерде, сууда. толугу менен…..