Садык Алахан: Илимге арналган айжаркын тагдыр

Илимге арналган айжаркын тагдыр Илим… Аял… “Илим – ийне менен кудук казгандай”… “Аял – үйдүн куту, очок ээси”… Билген кишиги илим кол жеткис бийик, өнүгүүнүн булагы да, Аял кол жеткис ыйык, жашоонун башаты эмеспи. Үйдүн куту, очок ээсинин ийне менен кудук казуусу, кол жеткис бийиктикке, өнүгүүнүн булагына кол жеткис ыйык, жашоонун башаты жетип турса… Бул нерсе чанда жолуга турган, өтө сейрек кездеше турган феноменалдуу көрүнүш эмеспи. Ал эми биздин Гүлбара Жалаловна Орозова дал мына ушундай сейрек учуроочу, феноменалдуу көрүнүштүн ээси. Ийне менен кудук казган үйдүн куту, очок ээси Гүлбара Орозова. толугу менен…..

Амангелди Мисиров: Тарбия издеген бала

Тарбия издеген бала Качан экенин ким билсин. Мындай бир окуя айтылып келет. Узак жолдо үч жолоочу бири-бирине кезигип калып бирге жол тартышат. Анын бирөөсү чачы агарып улгайып бара жаткан адам, экинчиси кермурут жигит эле. Үчүнчүсү болсо алардан бир топ жашы кичүү кичинекей бала экен. Жолдо баратып тиги эки киши бирдемелерди жашырып, шыбырашып сүйлөшө башташат. Бала алардын сөзүнө кулак түрбөй тез–тез алдыга басып кетет. Бир топ жол жүргөндөн кийин тиги экөө жол боюндагы жалгыз үйдүн ээсин чакырып, эшигин чертип көрүп, эч ким жооп бербеген үйгө кирип кетишет. Бала болсо аларды карагысы толугу менен…..

Качкынбай Осмоналиев: “Балалуу аялдын мазары – эри болот”

“Көчмөндөр кагылышы” китебиндеги көөнөрбөс накылдар  ***** Баш деген баш! А башты баш кылган – мээ. Мээ иштебесинчи! Көз көрүп, эмнени ажыратат? Кол кармап, кайсыны көтөрөт? Бут басып, не жолду арбытат? Бүт тулкуну баш башкарып, мээ тейлеген сымал, ар айылды теске салчу бир башчысы болот. Ал өзүн: “Карамагымдагы айылдарды башкара аламын, менин мойнумда аларды башкаруу милдети турат”, – деп, өзүн ишенимдүү сезет да, берген буйругун туура деп чечет. Баш ийүүчүлөр да анын кабак-кашына карап, моюн сунууга аргасыз. Ошол баш ийүүдөгү аргасыздык пенделерди жакшылык үмүткө да жеткирет, азап-тозокко да туш кылат. Акыры, толугу менен…..