Керез Зарлыкова: Илбериңки бала

Илбериңки бала Улан сабактан тарап, үйүн көздөй келаткан. Алар шаардын микрорайондорунун бириндеги жаңы бүткөн тогуз кабат үйдө турушчу. Өздөрүнүн үйүнө жакындай бергенде бир карыя кишини көрдү. Анын айылдан келгендиги сырткы түрүнөн эле байкалат. Күн жылуу болуп турса да кийгени жылуу бешмант. Башында ак калпак. Тээ обочороокто жүгү да бар өңдөнөт. Кабат-кабат үйлөрдүн улам бирин карап бушайманданат. Чоң атанын жанына келип, салам айтты: -Ассолом алейкум, чоң ата! -Алеку салам, уулум. Чоң ата өзүнүн алдында турган ак көйнөк, кара формачан, портфель асынган татынакай балага назарын салды. -Ии балам, кайдан келатасың? -Мектептен, чоң толугу менен…..